Жогорку Кеңешке шайлоо: Дагы эки жаран талапкерлигин койду 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 2 талапкер арызын бергенин билдирди.

Маалыматка таянсак, БШКга бүгүн, 2-октябрда №22 шайлоо округу (Бишкек) Эмилбек Абдыкадыровдон жана №22 шайлоо округу (Бишкек) Дастан Бекешевден арыз түштү.

Буга чейин БШКга №23 шайлоо округу (Биринчи Май району) боюнча талапкерликке Элвира Сурабалдиевадан, №4 шайлоо округу (Ноокат шаары) боюнча талапкерликке Ахмеджан Мамадумаровдон арыз түшкөнү маалым болгон.

Мындан тышкары, №2 шайлоо округу (Кызыл-Кыя) боюнча Азамат Абсатаров, №15тен (Кербен шаары) Мураталы Керимбаев, №24төн Улукбек Карыбек уулу, №1ден (Раззаков шаары) Асел Набиева жана №22ден (Октябрь району) Болот Ибрагимов талапкерлигин койгон.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан