Бишкекте кыргыз-корей достугунун балет кечеси өтөт 

Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 11-октябрда саат 18:00дө кыргыз-корей достугунун балет кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бул майрамдык балет кечеси Сеул шаардык кеңеши каржылаган эл аралык маданий программанын алкагында өтөт.
Иш-чараны "Korea Ballet Stars" менен Кыргызстандын опера жана балет театры биргеликте уюштурууда.
Кечеде дүйнөлүк классиканын мыкты чыгармалары, кыргыз жана корей хореографтарынын автордук коюлмалары жана европалык режиссёрлордун заманбап эмгектери көрсөтүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан