Актёр Чыңгыз Максүтов менен жубайы, блогер Айдина Турдалиева жакында экинчи ирет ата-эне болушат. Бул тууралуу Турдалиева Инстаграм баракчаларынан кабарлап, видеосу менен бөлүштү.
"Жакында биздин кичинекей үй-бүлө дагы чоңоёт", - деп билдирүү калтырган Турдалиева.
Белгилей кетсек, актёр Чыңгыз Максүтов менен блогер Айдина Турдалиева 2023-жылы 25-июлда баш кошушкан. Түгөйлөр былтыр апрель айында уулдуу болушкан.