Ырчы Айбек Бакытбеков "Ну-ка, все вместе!" сынагынын жарым финалына өттү (видео)

Кыргызстандык ырчы Айбек Бакытбеков Орусиянын "Ну-ка, все вместе!" музыкалык шоусунун жарым финалына өттү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ырчы калыстарды таң калтырды жана толук курамдын колдоосуна ээ болду. Аталган сынакка кыргызстандык Эльзат Төлөгөнова да катышууда. Ырчы айым дагы сынактын жарым финалына өткөн.

Бул сынакта 2023-жылы ырчы Азат Райимбердиев экинчи орунду ээлеген. Өткөн жылы кыргызстандык Миңжашар Мурзаев жарым финалга чейин жеткен.

Айта кетсек, Айбек Бакытбеков 2013-жылы Юрмалада өткөн "Жаңы толкун" (Новая волна) сынагына катышкан.


 Ырчы Айбек Бакытбеков "Ну-ка, все вместе!" сынагынын жарым финалына өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан