Ошто "Сулайман-4 мезгил" эл аралык көргөзмөсү ачылды 

Кечээ, 4-октябрда Ош шаарындагы Тургунбай Садыков атындагы облустук көркөм сүрөт музейинде түрк дүйнөсүнүн сүрөтчүлөрүн бириктирген өзгөчө көргөзмө өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, көргөзмөнү маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов ачып берди.
Мекемеден билдиришкендей, бул ири долбоор ТҮРКСОЙ менен биргеликте ишке ашып, анда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Мажарстан, Түркия жана Түндүк Кипрден келген сүрөтчүлөрдүн чыгармалары коюлду.
"Көргөзмөнүн максаты – ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоонун өзгөчө көрүнүштөрүн ар кайсы мезгилде жана бурчтан сүрөткө түшүрүп, дүйнөгө таанытуу", - деп айтылат маалыматта.
Көргөзмөнүн алкагында:
• фотопленэрлер
• мастер-класстар
• тегерек столдор өткөрүлдү.
Министрлик бул долбоор Кыргызстандын маданий жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде даңазалоого чоң салым кошо турганын белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан