Таласта Ташбоо Жумагулов атындагы Маданият үйү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды (фото)

Кечээ, 4-октябрда Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Жоон-Дөбө айылында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин катышуусунда Ташбоо Жумагулов атындагы Маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин салтанаттуу түрдө ачылды.
Маалым болгондой, иш-чарага Талас облусунун башчысы Эрмат Жумаев, президенттин администрациясынын өкүлү Октябрь Капалбаев, Кыргыз Эл Баатыры Алиясбек Алымкулов, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана искусство өкүлдөрү катышышты.
“Жаңы маданият үйүндө ыр-күүлөр жаңырып, таланттуу жаштардын калыптанышына, айыл турмушунун жанданышына өбөлгө түзүлөрүнө ишенем. Бул маданий очок Ташбоо агайыбыздын элге калтырган мурасын даңазалап, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кызмат кылат”, – деди министр Мамбеталиев.
Министрликтен билдиришкендей, имарат республикалык бюджеттин эсебинен толугу менен жаңыланып, заманбап шарттарда кайра пайдаланууга берилди. Маданият үйүнүн ичинде Ташбоо Жумагулов атындагы музей ачылып, анын бюсту коюлду.
Белгилей кетсек, коомдук ишмер жана дипломат Ташбоо Жумагулов өмүрүнүн көп бөлүгүн агартуу, маданият жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арнаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан