Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 4 287 222 шайлоочу бар. Бул тизме кагаз түрүндө ушул жылдын 14-октябрына чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо тилкелеринде илинет.
Ошондой эле аталган тизме мамлекеттик «Тизме» порталына жайгаштырылды.
Шайлоочу өзүн тизмеден ушул жылдын 19-ноябрына чейин текшере алат:
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда шайлоочу 19-ноябрга чейин электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында "Шайлоочунун кабинети" кызматы аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.
Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан жол-жободон өтө алышат.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.