Төкмө акын Нурсултан Малдыбаев Казакстанда өткөн эл аралык айтышта 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынан билдиришти.
Ага ылайык, иш-чара Алматы облусунун Жамбыл районунда композитор, домбрачы, дирижёр Нургиса Тилендиевдин 100 жылдык мааракесине карата уюштурулган.
Ал эми Кутман Садыбакасов кызыктыруучу сыйлык менен сыйланды.
Эл аралык айтышка кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков да катышып, калыстардын катарын толуктады.