Орусияга 200дөн ашуун Украинанын дрондору чабуул жасады

Орусиянын Коргоо министрлиги 6-октябрда эртең менен билдиргенине караганда, түн ичинде өлкө аймагында абадан коргонуу күчтөрү Украина тарабынан жөнөтүлгөн 251 дронду атып түшүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта белгиленгендей, Кара деңиздин үстүндө 61 дрон, Крымда 40 дрон жок кылынган. Курск облусунун үстүнөн 34, Белгород облусунан 30, ал эми Нижегород облусунан 20 учкучсуз учак атып түшүрүлгөн.

Жалпысынан 40 миңге жакын адам электр жарыгысыз калган.

Орусиялык жана украиналык Telegram-каналдардын жазышына караганда, Брянск облусунун Клинцы шаарындагы жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) да чабуул коюлган. Мындан тышкары Крымдын Феодосия шаарына жана Нижегород облусунун Дзержинск шаарына соккулар жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан