Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алууда.
Маалыматка ылайык, учурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 100дөн ашты. Алар:
- Раимбачаева Винера Калыбековна №19 (Сокулук району) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Дуулатова Сайрагул Садыковна №1 (Раззаков шаары) - “Байчечекей” журналынын редакторунун орун басары
- Каримова Гулсара Оморбековна №12 (Сузак району) - Айылдык кеңештин депутаты
- Кожокулова Гуля Акматкуловна №2 (Кадамжай шаары) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Шабазов Бахридин Валиевич №25 (Кант шаары) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Мухидинов Оятулло Нуралиевич №20 (Лебединовка айылы) - Жеке ишкер
- Масабиров Талайбек Айтмаматович №12 (Сузак району) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Таалайбек кызы Жылдыз №30 (Нарын шаары) - Жогорку Кеңештин депутаты
- Аманова Бурун Кушбековна №2 (Кадамжай шаары) - "Небесные горы" ЖЧКсы
- Асанкулова Алтынай Джолучуевна №27 (Чолпон-Ата шаары) - "Бакай Банк" ААКсы
- Чолдоев Джалил Калыйжанович №17 (Кара-Балта шаары) - Коомдук ишмер
- Тургунбаев Чынгыз Шакирбекович №3 (Кызыл-Кыя шаары)
- Ахмедов Канатбек Абдурашидович №1 (Раззаков шаары) - Убактылуу иштебейт
- Усеинова Нургуль Эмилькановна №19 (Сокулук району)
- Эсенаманова Чолпон Замирбековна №17 (Кара-Балта шаары) - "Ул-ай тести" ЖЧКнын директору
- Момуналиев Талгарбек №30 (Нарын шаары)
- Карабекова Кызжибек Советовна №12 (Сузак району)
- Бапаева Гүлсана Жунусовна №21 (Бишкек шаары) - ЖИ - "Бапаева Г Ж"
- Жумабаев Жылдызбек Кенешбекович №17 (Кара-Балта шаары)
- Мадмарова Эльнара Абдувалиевна №4 (Ноокат шаары) - Отставкадагы судья
- Ормонова Авазкан Чынбердиевна №7 (Кара-Суу шаары) “Диа” коомдук фондунун директору
- Карабекова Айгул Асановна №13 (Масы айылы) - Жеке ишкер
- Маматалиева Багдадгул Меликозиевна №5 (Раван району) - Мугалим
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин саны 83кө жеткени айтылган.
Маалымат үчүн: Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.