Орусиянын маданият күндөрүндө "Жоголгон убакыт жомогу" спектакли көрсөтүлөт   

1-2-ноябрда Бишкек шаарында Орусиянын Маданият күндөрүнүн алкагында балдар жана чоңдор үчүн "Жоголгон убакыт жомогу" аттуу спектакль коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бул спектакль Евгений Шварцтын ошол эле аталыштагы чыгармасынын негизинде сахналаштырылган.
Спектаклди белгилүү режиссёр Никита Михалков жетектеген "Мастерская “12” театры тартуулайт. Ал Мамлекеттик Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрынын чоң сахнасында көрсөтүлөт.
Мекемеден билдиришкендей, "Жоголгон убакыт жомогу" - убакыттын баалуулугун түшүнүүгө, ар бир мүнөттү текке кетирбөөгө чакырган таасирдүү жана кызыктуу окуя. Ал өз ишин дайыма "кийин" деп жылдырып жүргөн мектеп окуучусу Петя тууралуу баяндайт. Ошондон тартып, каармандардын убакытты баалоо жана жоголгон мүнөттөрүн кайтарып алуу үчүн болгон укмуштуу, сыйкырдуу окуялары башталат.
Спектакль тууралуу маалымат:
Режиссёру - Евгения Шевченко.
Премьерасы: 2023-жылдын 1-июну
Жанры: жомок
Жаш курактык чектөө: 6+
Узактыгы: 1 саат (антрактсыз)
Көрсөтүүлөрдүн убактысы:
• 1-ноябрь - саат 16:00
• 2-ноябрь - саат 12:00, 14:00, 17:00.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан