Парламенттик шайлоого үгүт иштери качан башталары айтылды

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштери расмий түрдө 10-ноябрда башталат. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, азыр шайлоого катышуу ниетин билдирген айрым жарандар үгүт жүргүзүп жатышат, бирок бул мыйзамсыз.

"Биринчиден, алар депутаттыкка талапкер катары каттала элек. Экинчиден, үгүт иштери расмий түрдө 10-ноябрда гана башталат. Азырынча биз оозеки эскертүү берип жатабыз, мындан ары мыйзам чегинде чаралар көрүлөт",– деди БШК төрагасы.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан