
Ак-Ордо-3 конушунда каза болгон адамдын жубайы кылмышка шектүүнү тааныды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
3-октябрында Ак-Ордо жаңы конушунда өзгөчө оор кылмыш – эки адамдын өлүмү катталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада милиция кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаран кармалып, тергөө улантылууда.
Тергөө иш-аракеттеринин алкагында, 8-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына каза болгон адамдын жубайы 1992-жылы туулган Ш.Н. аттуу жаран кайрылган. Ал кылмыштын жагдайларын жана хронологиясын тактоого жардам берген кеңири көрсөтмөлөрдү берип, кармалган шектүү жаранды тааныган.
Мындан тышкары маркумдун жубайы жарандарга кайрылып, анын кайгысын түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуулук жана урмат-сый көрсөтүүгө чакырды. Ошондой эле социалдык тармактарда терс пикирлерди жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууну суранды.