2025-жылдын тогуз айында Орусияда кооптуу жугуштуу ооруларга чалдыккан 4500гө жакын чет элдик жаран аныкталып, өлкөдөн чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрдагы басма сөз жыйынында Москва шаары боюнча ИИМдин миграция маселелери башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Игорь Дудник билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, бул адамдар уруксат берүүчү документтерди алуу учурунда текшерүүдөн өтүп, коомдук кооптуу инфекциялар табылган.
Ошондой эле ал кошумчалагандай:
Айта кетсек, 5-февралынан тарта Орусияда мыйзамсыз мигранттар боюнча ачык реестр иштеп жатат. Ал маалымат базасы иш берүүчүлөргө, жарандарга жана мамлекеттик органдарга жеткиликтүү.