"Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун 3 мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 32, 33 жана 31 жаштагы активдүү мүчөлөрү кармалышканын билдирди.

Атайын кызмат алар экстремисттик идеологияны жайылтышканын жана жаңы жактоочуларды тартуу менен алектенишкенин белгиледи. Алардын 33 жаштагысы экстремисттик ишмердиги үчүн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

УКМК кармалгандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына киргизилгенин, аталган уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан