Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушундагы эки жарандын өлүмүнө шектелип кармалган 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаран эки айга камакка алынды.
Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылып, шектүү 3-декабрга чейин камакта калтырылды. Тергөө уланат.
Белгилей кетсек, 3-октябрга караган түнү аталган аймакта үрөй учурган окуя катталып, эки бир тууганды бычактап кетендиги боюнча маалымат тараган. Анда бир эркек киши жана анын эжеси каза болгондугу маалымдалган. Каргашалуу окуя болгон жерден каза болгон кишинин аялы балдары менен качып кетүүгө үлгүргөн.
ИИМ шектүүнүн сүрөтүн чыгарып, ал тууралуу маалымат бергендерге сый акы убадалаган. Кийинчерээк социалдык тармактарда кармалган шектүүнүн сүрөттөрү тараган. Бирок интернет колдонуучулары ИИМ издөөгө алган киши менен кармалган жигиттин окшош эместигин айтып чыгышкан.
Окуядан кийин мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак-Ордо-3 конушунда эки адамдын өлтүрүүгө шектелген адамдын кантип кармалганын айтып, окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго байланышканын жазган.
Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда айтылган пикирлерди төгүндөгөн билдирүү жасаган. Көп өтпөй министрлик билдирүү жасап, анын кармалган учурундагы тасмаларды жарыялап, анын көрсөтмө бергенин билдирди.
Окуя боюнча өлкө башчы Садыр Жапаров да билдирүү жасады.