Беларустун президенти жана Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Лукашенконун буйругу менен өлкөнүн армиясы толук аскердик даярдыкка келтирилди. Бул тууралуу БЕЛТА агенттиги өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка ылайык, кээ бир аскердик бөлүктөр дайындалган аймактарга чыгып, коргоо жана операциялык тапшырмаларды аткаруу боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
Текшерүү Беларустун Коопсуздук кеңешинин мамлекеттик катчылыгынын жетекчилиги алдында өтүүдө.
Мындай масштабдуу текшерүү армиянын ыкчам аракет көрүү жөндөмүн баалоо максатын көздөй тургандыгы маалыматта кошумчаланды.