Бүгүн, 11-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Манас шаарындагы мектептерге 100 даана интерактивдүү доска тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ташиев интерактивдүү досканын окуучуларга чоң пайдасы тиерин айтып, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле Манас шаарында дагы жаңы 10 мектепке муктаждык бар экендигин айтып, жакынкы үч жыл ичинде бул маселени чечүү аракети жолго коюларын да белгиледи.
Манас шаарында жалпы 29 мектеп, 31 бала бакча бар.