
Республикалык курулушта сертификаттоо борборунун адистери тарабынан Бишкектин айланма жолундагы эстакаданы курууда колдонулган 30 метрлик темир-бетон тибиндеги көпүрөнүн устундары текшерилди. Бул тууралуу Курулуш минитсрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө материалдын жаракаларга туруктуулугун, бекемдигин жана кубаттуулугун, ошондой эле курулуш нормаларына жана стандарттарына шайкештигин баалоо үчүн сыноолор жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн максаты – аткарылган иштердин жана колдонулган материалдардын сапатын көзөмөлдөө, конструкциялардын коопсуздук жана эксплуатациялык ишенимдүүлүк талаптарына шайкештигин тастыктоо.