Чүйдө жүргүнчү ташыган поездди таш бараңга алган бейбаштар кармалды

Ысык-Ата районунун Ивановка айылында Балыкчы–Бишкек каттамындагы поездге таш ыргыткан бейбаштар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 14-октябрда саат 22:20 чамасында болгон. Анда бейбаштар Балыкчы–Бишкек каттамы менен бара жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин бир нече вагондорун таш бараңга алышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада 14 жаштагы 3 жана 13 жаштагы 1 бала кармалып, ички иштер бөлүмүнө алып келинди.
Облустук милиция учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөргө мыйзам чегинде чечим чыгарын кошумчалады.
Айта кетсек, өлкөдө мындай окуя биринчи катталып жаткан жок. Буга чейин да жүргүнчү ташыган поезд бейбаштар тарабынан таш бараңга алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан