Молдова КМШ өлкөлөрү менен визасыз режимден чыгууну сунуштады

Молдова өкмөтү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөр ортосундагы визасыз жүрүү келишимин жокко чыгарууну сунуштады. Бул кадам өлкөнүн мыйзамдарын Евробиримдиктин талаптарына ылайыкташтыруу процесси катары түшүндүрүлгөндүгүн чет элдик басылмалар жазышты.

Эгер документ кабыл алынса, Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары Молдовага кирүү үчүн виза алууга милдеттүү болот. Кишинёв бул чечим белгилүү бир мамлекетке каршы эмес, европалык миграциялык эрежелерге өтүү максатын көздөөрүн билдирди.

Акыркы жылдары Молдова КМШнын бир катар келишимдеринен чыгып, уюмдагы катышуусун акырындап токтотуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан