Лейлек районунун аймагында ири өндүрүш ишканасы курулууда

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Булак-Башы айылында “Мега Газоблок” ишканасы курулууда. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан билдиришти.
Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов, аталган ишкананын курулушунан кабар алды. Жеке ишкер бул өндүрүштүк объектке 12 миллион доллар инвестиция салган. Ири заводдун курулушу 2025-жылдын 1-декабрына чейин бүтүрүү пландалган. Ишкана ишке кирсе, суткасына 2000 даана газоблок өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Болжол менен 150 адам жумуш менен камсыз болот.
Курулуш материалын өндүргөн ишкана, чийки затты аталган аймактан алат. Аймакта газоблок үчүн керектелүүчү ак кумдун чоң көлөмдөгү запасы бар. Адистер анын жогорку сапатын белгилеп келишет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан