Ташиев чек араны чечүүдө президенттен комиссия жетекчилигинен алууну суранганын айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасын тактоодогу мамлекеттик комиссияны жетектегенге чейин чек ара тууралуу толук маалыматы болгонун айтты.

Ал башында преиздент Садыр Жапаровдон чек ара тууралуу толук маалыматы бар адамды комиссия жетекчиси кылууну суранганын, бирок өлкө башчы ал чечиши керектигин айтканын белгиледи.

Атайын кызматтын башчысы ошондой эле иштин жарымына келгенде да преиздентке жогорудагыдай сунуш менен кайрылганын тактады.

"Мени мамлекеттик комиссиянын башчысынан алыңыз" деп бардым. Преиздент "жок, сен аягына чыгарышың керек" деди. Акыры муну аягына чыгардык. Эми азыр чек ара боюнча менден өткөн адис жок",- деди Ташиев.

Ташиев чек араны чечүүдө преизденттен комиссия жетекчилигинен алууну суранганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан