Чүй облусунун Аламүдүн районунда айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү жана сатууга шектелип, Васильев, азыркы А. Сыдыков айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу облус милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 6-августта райондук администрация түзгөн комиссия Васильевка айыл аймагында текшерүү жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө айдоо жана жайыт жерлерде мыйзамсыз курулуштар салынып, жер мыйзамдары бузулган фактылар аныкталган.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси («Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз өздөштүрүү жана максаттуу багытын бузуу») боюнча козголгон.
Тергөө маалында буга чейин жергиликтүү кеңештин айрым депутаттары жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери да кармалган. 11-ноябрда 1967-жылы туулган мурдагы айыл өкмөт башчысы К.А. аталган ишке тиешеси бар деп табылып, кармалды.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.