Талас облусунун маданият кызматкерлери сыйланышты (фото)

Талас облусунун маданият тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө, улуттук баалуулуктарды жайылтууга салым кошкон бир катар кызматкерлер министрликтин сыйлыктары менен сыйланышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев сыйлыктарды өз колу менен тапшырды.
Эмгек жамаатынын өкүлдөрүнө “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси жана Ардак грамоталар ыйгарылып, алардын өлкөнүн маданий өнүгүүсүнө жана руханий баалуулуктардын сакталышына кошкон эмгеги жогору бааланды.
Министр Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө Талас облусунун маданият кызматкерлеринин чыгармачылык аракеттери коомдогу биримдикти, руханий мурастын сакталышын жана маданий өнүгүүнүн туруктуулугун камсыздоодо чоң роль ойной турганын белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан