Энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарындагы бир нече аймактын ардактуу атуулу болду

Кечээ, 14-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусуна иш сапары менен барып, бир катар ачылыштарга катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жумгал районунда жаңы административдик имарат пайдаланууга берилип, Кочкор районунда темир-бетон буюмдарын жасоочу цех ачылды.

Эки иш-чаранын алкагында министрге Жумгал районунун акими “Жумгал районунун ардактуу атуулу” төш белгисин тапшырды. Ошондой эле Ибраевге "Кочкор районун ардактуу атуулу", “Кара-Суу айылынын ардактуу атуулу” наамдары ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан