Бишкекте саат 22:00дөн кийинки иши үчүн бир дагы кафе же ресторан жабылган эмес. Бул тууралуу вице-мэр Рамис Алиев шаардык кеңештин депутаттарына маалымат берди.
Анын айтымында, мэр менен бирге ири чарба субъекттерине барып, электр энергиясын колдонууга коюлган лимит боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Мэриянын рейди ошондой эле тынчтыкты сактоо тууралуу мыйзамдын аткарылышын текшерүүгө багытталган.