
Өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окутууда жана 214 бала бакча убактылуу карантинде экенин бүгүн, 7-декабрда Агартуу министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, анын себеби – өлкө аймагында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын күч алышы. Балдардын абалы Агартуу жана Саламаттык сактоо министрликтеринин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тыкыр көзөмөлүндө турат.
"Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын карантинге жабуу боюнча көрсөтмөсүнө ылайык Агартуу министрлигинин уруксатысыз эле билим берүү процесси онлайн форматына которулат. Мектептер билим берүү процессин онлайнга өткөрүү боюнча маалыматты министрликке билдирүү түрүндө гана жөнөтүшөт. Азыркы тапта билим берүү уюмдарында оорулардын алдын алуу чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө", - деп белгиленет маалыматта.