
Эртең, 8-декабрдан 10-декабрга чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн жана кар күрткүсү топтолот. Бул тууралуу ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынан билдирди.
Алар:
- Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74 чакырымдарында Чапчыма ашуусунда;
- Красная Горка–Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык калытырып айдоо керек. Маселе жаралганда 112 номуруна байланышса болот.