Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык соту Рита Карасартовага чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартовага карата Свердлов райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда шаардык соттон маалымдашты.

Белгилей кетсек, 18-сентябрда райондук сот укук коргоочуну 5 жылга пробация менен бошотуп, ага 50 миң сом өлчөмүндө айып пул салган. 14-апрелде укук коргоочунун үйүндө тинтүү болуп, Карасартованы Чүй ОИИББинин кызматкерлери кармап кетишкендиги айтылган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан