Жылдызкан Жолдошова Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы жазган арызын канааттандырбаганын билдирди.Айта кетсек, Жолдошова кезексиз парламенттик шайлоодо №8 шайлоо округунан гендерлик квота боюнча алдыга чыккан. Шайлоодон кийин №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылганы белгилүү болгон.
БШК Жолдошованын ордуна Нуржамал Төрөбекованы депутат катары таануу боюнча токтомду жактырган.