Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров көп жашагысы келбей турганын билдирди. Орус басылмалары чечен башчысы мындай пикирин түз эфирде журналисттердин жана өлкө тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып айтканын жазышты.
"Мен карыганча жашагым келбейт. Мен бул дүйнөдөн мени баары жакшы көрүп турганда кетким келет", - деген ал.
Айта кетсек, Кадыров 2026-жылы 50 жашка чыгат.