Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткофф Германиянын Берлин шаарында украин жаңжалы боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын өткөрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Сүйлөшүүлөр бир жарым саатка созулган. Жолугушууга Зеленский менен Уиткоффтон тышкары америкалык лидер Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жана европалык расмий өкүлдөр да катышкан.
Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин тараптар алардын жыйынтыктары боюнча расмий билдирүү жасашкан эмес.
Белгилей кетсек, кечээ, 14-декабрда өткөн жолугушуу беш сааттан ашык убакытка созулган.