Маркум Камчы Көлбаевдин апасы каза болгону айтылууда

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиева 77 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү тастыкташканын жазып чыкты.

Эске салсак, 2023-жылдын 4-октябрында УКМК Камчыбек Көлбаев атайын операция учурунда өлтүрүлгөнүн билдирген. Андан кийин атайын кызмат ага жана жакындарына таандык делген мүлктөрдү аныктап, мамлекетке кайтаруу иштерин жүргүзгөн.

2024-жылы кримтөбөлдүн апасы Мая Алиевага карата Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, сот тарабынан күнөөлүү деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан