Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы 49 жаштагы жубайын өлтүрүүгө айыпталган 63 жаштагы киши 9 жылга эркинен ажыратылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Москва райондук соту 3 күн мурун, тагыраагы, 23-декабрда аны Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ал жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.
Эске салсак, 1-ноябрда Чүйдүн Бала-Айылчы айылында адам өлтүрүү фактысы катталган.