Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген өгөй ата өмүр бою абакка кесилди

Жалал-Абаддын Сузак районунда 15 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган 43 жаштагы киши өмүр бою эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Сузак райондук соту 3-сентябрда айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Учурда райондук соттун чечимине каршы жазылган арыздын негизинде иш облустук сотто каралып жатканы кошумчаланды.

Эске салсак, апрель айында Сузакта 15 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан зордукталганы кабарланган. Акыйкатчы институту кыз 12 жашынан бери зордукталып келгенин маалымдаган


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nyrbekali87
2025-12-26 17:32:00
Өч алуу максатында "Зордуктады" - деп жалган айыптоо жана бир аялдын жеке таарынычы башка бирөөнүн өмүрүн талкалоого укук береби? Жалган айыптоонун кесепетин айыпталуучу гана тартабы же коом да жабыркайбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан