Мигранттардын укугун коргоо боюнча конференция өтөт
Бишкек шаарында 18-декабрь күнү “Миграция саясаты: мигранттардын жана алардын үй-бүлөсүнүн укугун коргоо” аттуу конференция өтөт. Мындай маалыматты Миграция боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирет. Аталган иш-чара Кыргызстандагы миграция саясатын жакшыртууну көздөйт. Конференция эки күнгө пландаштырылган. Ага Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, өкмөттүк аппарат, эл аралык бирикмелердин жетекчилери, элчиликтер жана башка коомдук ишкерлер катышышат.