Кудрет Тайчабаровдун камактагы мөөнөтү 8-февралга чейин узартылды. Бул маалыматты бүгүн, 9-январда Бишкектин Биричи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады. Райондук сот мындай чечимди 2025-жылдын 30-декабрында чыгарган.
Буга чейин ал Биринчи Май райондук соту тарабынан 30-декабрга чейин камакка алынганы маалым болгон эле.
Айта кетсек, Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар болгон деп кармалган. Тайчабаров кармалганга чейин Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн БШКга арыз жазган. Кийинчерээк социалдык тармактарда анын маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Мындан улам БШК Тайчабаровду талапкер катары каттоодон баш тарткан.