Камакта отурган Жогору Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылды. Маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Маалымдагандай, мындай чечимди райондук сот 2 күн мурун, тагыраагы, 24-январда чыгарып, мөөнөтүн 17-мартка чейин белгилеген. Атазовду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн ИИМдин тергөөчүсү берген.
Атазов Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка даярдык көрүү", "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" жана "Массалык баш аламандыктар" беренелери боюнча айыпталууда.
Эске салсак, өткөн жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин массалык баш аламандыктарды уюштурууну көздөгөн деген шек менен 10 адам кармалган. Алардын арасында "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Шайлообек Атазов, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев да бар.
Кармалгандар 17-январга чейин камакка алынышкан. Январда алардын камактагы мөөнөтү 17-мартка чейин узартылганы маалым болгон.