Жогорку Сот камакта жаткан журналист Махабат Тажибек кызынын ишин кароону 3-мартка жылдырды. Маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматынан тастыктады.
Бүгүн, 2-февралда Жогорку Сот журналисттин ишин карап баштаган.
Белгилей кетсек, 2 жыл мурун Бишкектин Ленин райондук соту аны 6 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Кийинки инстанцияларда өкүм күчүндө калтырылган.