Кыргыз режиссёру Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасынын негизинде Казакстандын Түркстан музыкалык драма театры "Пейиш" аттуу спектаклин коёт. Бул тууралуу аталган тасмада негизги ролду ойногон Эмил Эсеналиев кабарлады.
Актёр казакстандыктарга ыраазычлыгын билдирди.
"Азаматсыңар бир туугандар! Театрда пьеса кылып коюшат экен",- деди ал.
Спектаклге казакстандык Али Бидахмет режиссёрлук кылат. Ал 14-15-февралда коюлат.