Ырчы Назгүл Токтакунова ак өргөөсүнө той берип жатканын билдирди. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүшкөн.
"Үй тойдун алгачкы күнү",- деп билдирүү калтырган ал.
Буга чейин Токтакунова декабрь айында жаңы үйүнө көчүп киришкенин жазган эле. Ырчы айым менен жолдошу Кубаныч Бакытов эки кызды тарбиялап келишет.