Кыргызстандык ырчы Нур Чолпон дүйнөгө белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайберген тарабынан Түркестанда уюштурулуп жаткан эл аралык музыкалык долбоордо "Беш ыргайды" жаңыртты. Блу тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
Ырчы айым байыркы элдик чыгарма "Беш ыргай" ырын заманбап интерпретацияда аткарды. Анда салттуу үндү заманбап музыкалык чечимдер менен айкалыштырганы эл аралык эксперттер менен долбоордун катышуучулары тарабынан жогору бааланды. "Voice Beyond Horizon" аттуу эл аралык музыкалык долбоорунун биринчи туру 5-февралда Hunan Satellite TV телеканалында жана Mango TV платформасында көрсөтүлдү. Сынакка Кытайдан келген композиторлор да калыстык кылышууда.
Айта кетсек, Нур Чолпон - Кыргызстандагы опера жанрында чыгарма жазган алгачкы композитор айым. Ал Кыргызстандын атынан түрдүү эл аралык сынактарга катышып келет.