Кечээ, 16-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, биринчи күнү 58-71-88-98 килограммдык салмакка чейинки спортчулар күч сынашты. Аталган мелдеш 19-февралга чейин уланат.
Мелдештин ачылуу аземине аталган агенттиктин директорунун орун басары Бузурман Багышбеков, спортчулар жана бир катар өкүлдөр катышты.