Ырчы Айгерим Расул кызы жолдошу менен ажыраштыбы? Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталынын өздүк булактары билдиришти.
Маалымдалгандай, алар 2022-жылдын апрель айында официалдуу түрдө ажырашканы белгилүү болду. Ырчы айым буга чейин бул маалыматты эмнеге ачыкка чыгарбай келгени белгисиз. Азырынча өзүнө байланышка чыга албай жатабыз.
Эскерте кетсек, жубайлар 2014-жылы баш кошушкан. 31-августта Бишкек шаарындагы борбордук стадиондо чоң "Кыз узатуу" концерти болуп өткөн. Ал эми 6-сентябрда ушундай эле концерт Ош шаарында да уюштурулуп, ага шаар тургундары жана ата мекендик жылдыздар катышкан. Ошол эле күнү жаштардын үйлөнүү тою өткөн.