SUPER.KG порталынын “Кавер шоу” берүүсүндө конокто бул жолу ырчы, аткаруучу Кыял Токторбаева болду. Маектин жүрүшүндө ырчы айым чыгармачылыктагы жаңылыктары, алдыдагы пландары жана үй-бүлөсү тууралуу айтып, жандуу үн менен ырдап берди.
"Негизи үй-бүлөм чыгармачылыкка жакын, ырдап жүргөн адамдар. Бирок менден башкасы эл алдына ырдап чыккан жок. Комуз чертүүнү мен 4-классымда баштагам, ошол күндөн тартып комуз чертип келе жатам. Азыр кыргыздын наркын жаштарга үйрөтүү үчүн аларга сабак берип жатам",- деди Кыял Токторбаева.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.