Биз социалдык тармакта

Ырчы Айгерим Расул кызы жолдошу менен ажырашуусу тууралуу комментарий берди

Кыргыз эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы жеке жашоосуна байланыштуу коомчулукта жаралган суроолорго жооп берип, жолдошу менен ажырашканы тууралуу маалыматтарга комментарий берди.

Ырчы бул тема боюнча буга чейин ачык айтууну каалабаганын белгилеп, убакыт келип жооп берүүгө туура келгенин айтты.

"Негизи ушул убакка чейин жеке жашоом тууралуу жарыя кылып айткым келген эмес. Эми жарга такаган суроого эртеби, кечпи жооп бергени туура келет. Ооба, биз 2022-жылы расмий түрдө ажырашканбыз. Бирок андан кийин дагы көп жолу жарашканга аракет кылып жүрдүк, жыйынтык чыкпаган соң анан эки ажырым жолго түштүк. Биз бул чечимге бир күндө келген жокпуз, жылдар бою кабыл алынган чечим болду. Баарын орду менен туура кабыл алдык. Азамат мыкты инсан! Эң башкысы биз жакшы мамилени сактап калдык.

Бул жашоодо эртең ким, эмне болуп кетет эч ким билбейт экен. Кудайдын буйруганын көрөбүз. Биздин чечимди сыйлап, окурмандарды эки тарапка тең сөз тийгизбөөгө чакырат элем", - дейт ырчы айым.

Эскерте кетсек, буга чейин SUPER.KG порталынын өздүк булактары ырчынын жолдошу менен ажырашып кеткени тууралуу билдиришкен болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан