Талас облусунун Бакай-Ата жана Манас райондоруна калың кар түшүп, айрым тургундар жардамга муктаж болушууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков парламенттин 18-февралдагы жыйынында айтты.
"Бир жума мурун Талас облусуна, айрыкча Манас, Айтматов райондоруна калың кар жаады. Кээ бир жерлерге 1 метрге жеткен кар түшүп, элибиз бир аз кыйналып калды. Министрлер кабинетинен элге көмүр боюнча жардам берүүнү суранат элем",- деди эл өкүлү.
Ошондой эле Жумабеков жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жазгы талаа иштеринде да көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.