Депутат Камила Талиева өлкө башчы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди ынтымакка алып келүү максатына жеткенин айтты.
Ал бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында президент УКМКнын төрагалык кызматынан алынган Ташиевди кабыл алганын эске салды.
"Президент элге кандай жолугушуу болгонун, эмне жөнүндө сөз жүргөнү тууралуу ачык маалымат бергени адбан жакшы болду. Мен президентке ыраазычылык билдирем",- деди Талиева.
Буга чейин Талиева парламентти Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди ымалага чакырууга үндөгөн.