Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков өлкөдө саясий абал турукташканын айтып, жаштарды чагымчыл аракеттерден алыс болууга чакырды.
"Жаштарга кайрыларым, провокациялык аракеттерге алдырбайлы. Анткени баарыбызда бир мекен бар. Ал мекенде бүгүнкү күндө жакшы иштер жасалып жатат. Ошол ыргакты жоготпош үчүн, жаштар биригели, ынтымакта бололу",- деди ал.